Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 28-3
“Ак-Жол, Авлетим, Жаңы-Жол, Жерге-Тал Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу ХЕЛВЕТАС уюму аркылуу ишке ашырылып жаткандыгы боюнча өздүк салым жөнундө”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл аймагында ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркорпорейшин Ассосациясынын тарабынан «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасында өздүк салым жөнүндө координатору М.Акматовдун жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жергиликтуу айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXV111-сессиясы
токтом кылат:
1. «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркокоопрейшин Ассосациясынын Муниципалиттер аралык кызматташуунун долбооруна 250,0(эки жүз элүү миң)сом өздүк салым бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяларга отургузуужана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысы Н.Үркүнбай уулуга милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
4 .Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksy.kg веб сайтына расмий жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы |
Н.Калпаков |