Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жыл 11-ноябры № 12/1
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана айыл аймакка караштуу участкалык шайлоо комиссиясынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү шайлоочулардын протоколдук сунушун жана айылдык кеңештин төрагасы А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кенештин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
токтом кылат:
1. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн Сарпбекова Айсулуу Авзалбековнанын талапкерлиги жактырылсын.
2. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамдарына көрсөтүлгөн Сенкебаева Гулаим, Тешебаева Бегоим, Амаллаева Нулуфар, Сенкебаева Бактыгүл, Бейшеналы кызы Курманжан, Турсунова Мадина, Ешмамбетова Айгүл, Умаралиева Гүлчехра жана Гаппарова Нилюфарлардын талапкерлиги жактырылсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депуттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |