Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жыл 16-ноябры № 13/1
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 9 айында аткарылган иштерин кабыл алуу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Назаралиевдин 2020-жылдын 9 айында аткарылган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү жыйынтыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Назаралиевдин 2020- жылдын 9 айында аткарылган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, алымча кошумчалары менен кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 9 айындагы бюджетинин киреше бөлүгүндөгү ашыкча түшкөн 5270,0 миң сом акча каражаты планга киргизилип, 3111-беренесине кошуп берилсин.
3. Бюджеттин 9 айынын чыгаша бөлүгүндөгү беренелерден иштетилбей калган 7140,0 миң сом акча каражаты эсебинен 7098,5 миң сому 3111-беренесине, 41,5 миң сому 2512- беренесине кошуп берилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |