Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жыл 16-ноябры № 13/3
Ала-Бука айыл аймагына караштуу жаңы конуштарга электр трансформаторлорун орнотуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Бука айылынын айыл башчысы Б.Орозбаевдин кышка карата жаңы конуштарга электр трансформаторлорун сатып алып, орнотуу боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларын эске алып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
токтом кылат:
1. Айыл аймагына караштуу жаңы конуштарга электр трансформаторлорун сатып алып, орнотуу үчүн 3111-беренесинен 2000,0 миң (эки миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;
2. Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге милдеттендирилсин;
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |