Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-ноябры № 13/4
“Ж.Бөкөнбаев” атындагы орто метебине курулуучу кичи футбол аянтчага акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн курулуш боюнча адиси Ш.Азимбаевдин Достук айылына караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
токтом кылат:
1. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине курулуучу кичи футбол аянтчага 3111-беренесинен 5000,0 миң (беш миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;
2. Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге жана курулуштун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү жагы курулуш адиси Ш.Азимбаевге милдеттендирилсин;
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |