Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-ноябры № 13/5
Ала-Бука райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине инвентарь алып берүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн курулуш боюнча адиси Ш.Азимбаев спорт тармагын көтөрүүдө, райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине инвентарь алуу боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
токтом кылат:
1. Райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине инвентарь алуу үчүн 3111- беренесинен 1500,0 миң (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;
2. Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге милдеттендирилсин;
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |