Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-ноябры № 13/6
Ала-Бука айылынын М.Эшенкулов көчөсүнө суу түтүктөрүн орнотуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Кулчинов М.Эшенкулов көчөсүнө суу түтүктөрүн орнотууда, сууну пайдалануу нормасы тартипке келээри боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
токтом кылат:
1. М.Эшенкулов көчөсүнө суу түтүктөрүн орнотуу үчүн 2512-беренесинен 41424 сом (кырк бир миң төрт жүз жыйырма төрт ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;
2. Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге милдеттендирилсин;
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |