Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 1
“Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилгенбюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 18.03.2020-жылдагы “Өзгөчө кырдаал жарыялоо жөнүндөгү” №58-Б буйругуна, райондун аймагындагы “Коронавирус” оорусунун алдын алуу жана ыкчам иш аракеттерди көрүү боюнча Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын штабынын отурумунун 17.03.2020-жылдагы №16-протоколунун чечими менен бекитилген иш чараларды аткарууга керектелүүчү акча каражаттарын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 1-пунктунун негизинде акча каражаттарды кайра бөлүштүрүү үчүн төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин
- Айыл өкмөтүндө “Нооруз” майрамын өткөрүүгө каралган 35,0 миң сом
- Спорттук жана маданий иш чараларды өткөрүүгө бөлүнгөн 30,2 миң сом,
- 9-май майрамын өткөрүүгө каралган 40,0 миң сом,
- Кара-Чолок айылына түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн каралган акча каражатынан 100,0 миң сом,
- Таран-Базар айылына түнкү жарыктандыруу үчүн бөлүнгөн акча каражатынан 100,0 миң сом,
- Саты айылынын жолунун учурдагы оңдоосу үчүн каралган акча каражатынан 100,0 миң сом,
- Жоон-Кунгой айылынын жолунун учурдагы оңдоосу үчүн каралган акча каражатынан 100,0 миң сом акча каражаттары төмөндөгү чыгымдарга жумшоосу белгиленсин:
Жылдырылган акча каражаттары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 18.03.2020-жылдагы “Өзгөчө кырдаал жарыялоо жөнүндөгү” №58-Б буйругуна, райондун аймагындагы “Коронавирус” оорусунун алдын алуу жана ыкчам иш аракеттерди көрүү боюнча Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын штабынын отурумунун 17.03.2020-жылдагы №16-протоколунун чечими менен бекитилген иш чараларды аткарууга керектелүүчү акча каражаттарын камсыздоо үчүн жылдырылсын жана 701-бөлүмдүн 2215 беренесинде кармалсын.
2. 2020-жылдын бюджетинин бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловко жана айыл өкмөт башчысы Д.Бакировко жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |