Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели № 1
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн комиссиясы тарабынан бөлүнгөн акчакаражаттарын пайдалануу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен Сузак районуна бөлүнгөн акча каражатын азык-түлүкө муктаж болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү комиссиясынын 22-апрель 2020-жылдагы актысынын жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20.04.2020-жылдагы № 94-б. буйругунун , Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун 21.04.2020-жылдагы № 01-20/146 сандуу катынын жана Курманбек айылдык кеңешинин бюджет комитетинин туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Сузак райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн акча каражаты турмушу оор кырдаалда турган “Гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү” боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан бөлүштүрүлсүн жана 800 сомдон турган , бир азык-түлүк топтомун (продуктовый набор) түзүү жагы комиссияга сунушталсын.
2. Сузак райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн 102,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги 70111 башкаруу бөлүмүнүн 2218-статьясына жумшалсын жана тактама –билдирүү жазылсын.
3. Мамлекеттен келген акча каражатын таркатууда ар бир айылдын депутаттары комиссия курамына кошулсун жана турмуштун оор кырдаалында турган 1227 tunduk.kg тармагына кирген үй-бүлөлөргө таркатылсын .
4. Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Курманбек айыл өкмөтүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловго жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |