Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 1
“Кызматтардын туруктуулулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигинжогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыктыиш боюнча өткөрү ХЕЛЬВЕТАС уюмунан келген акча каражатын кириштөө,стандарттарын, Жобосун бекитүү жөнүндө”.
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы,Хельветас уюму тарабынан Курманбек айыл өкмөтү менен түзүлгөн гранттык макулдашуунун алкагында “Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын ортосундагы өткөрүлүүчү сынактын типтүү Жобосун бекитүү “жөнүндө Жоон-Күнгөй ИСКАКБнын жетекчиси Т.Танабаевдин маалыматын угуп, Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан Курманбек айыл өкмөтү менен гранттык макулдашуу талаптарына ылайык “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан “Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү тургундардын жарандык жопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын ортосундагы сынака катышуу жөнүдөгү типтүү Жобосун” бекитилсин.
2. Бекитилген Типтүү Жобонун негизинде сынак өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча башкы адиси К.Амираевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарууга алуу жагы ФЭБ башчысы Э.Эрматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |