Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-июлу № 3
“Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган сметасынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Швецария өкмөтү тарабынан Швецариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан COVID-19 пандемиясынын алкагында жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү максатында Жоон-Күнгөй айылындагы ичүүчү таза суу субсидиясын жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүмдөрүнө киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга түзүлгөн сметасына атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Хельветас уюмунан жергиликтүү бюджетке келип түшкөн 120,0 миң сом акча каражаты 701-бөлүмдүн 2512-статьясына коюлуп, гранттык келишимде көрсөтүлгөн талаптардын негизинде чыгымдоо жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Эрматовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |