Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-июлу № 4
“Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилгенбюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, COVID-19 пандемиясына байланыштуу айыл өкмөтүнүн аймагында балдар бакчаларынын ишмердүүлүгү убактылуу токтоп тургандыгына байланыштуу тамак-аш жана башка чыгымдар үчүн бөлүнгөн үнөмдөлгөн акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына жумшоо максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде кайрадан бөлүштүрүү үчүн төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин
- “Кызгалдак” жана “Мээрим” балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн бөлүнгөн 328,8 миң сом,701-бөлүмдүн (товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү) үчүн бөлүнгөн 235,0 миң сом,
- Жоон-Күнгөй айылына электр мамычаларын алууга бөлүнгөн 65,0 миң сом,
- Саты айылынын жолунун учурдагы оңдоосу үчүн бөлүнгөн 400,0 миң сом,
- Кара-Чолок айылына электр мамычаларын алуу үчүн бөлүнгөн 196,0 миң сом акча каражаттарынын төмөндөгү чыгымдарга жумшоосу белгиленсин:
2. Жоон-Күнгөй айылындагы көпүрөнүн курулушуна 235,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Жайыт комитетине ички көпүрөлөрду оңдоо жана техникалык көзөмөлдөөчү адистин кызмат акысы үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Саты айылындагы жолдун учурдагы оңдоосу үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
5. Канжыга айылындагы көпүрөнүн курулушу үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
6. Мектептерге жана маданият үйлөрүнө, айыл өкмөтүнүн имаратына пандус жана перила жасоо үчүн курулуш материалдарын алууга 28,8 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
7. Саты орто мектебине ашкана куруу үчүн 400,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
8. Ысмайыл толук эмес орто мектебинин ашканасынын капиталдык оңдоосу үчүн 196,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
9. Айыл өкмөтүнүн канференц залына эмерек алуу үчүн 65,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
10. 2020-жылдын бюджетинин бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловко жана айыл өкмөт башчысы Д.Бакировко жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |