Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-июлу № 6
“Айыл чарба багытындагы жердимуниципиалдык менчике өткөрүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы,Жоон-Күнгөй айылынын тургуну Джакыпов Мурзанын Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына жазган арызы боюнча Сузак районунун башкы архитектурасынын 30.11.2017-жылдагы № 244 сандуу корутундусунун негизинде айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоон-Күнгөй айылындагы Т.Кочкоров жалпы билим берүүчү мектебинин жанынан айыл чарба багытындагы 0,01 га жер аянты устакана салуу үчүн муниципиалдык менчике алынсын.
2. Муниципиалдык менчике алынган 0,01 га жер тилкеси Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан катталсын жана иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Боронбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |