Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 8
2019-2023-жж. Жайыттарды башкаруужана пайдалануу боюнча жамааттардынпланын ишке ашыруунун максаттарында муниципалдык менчикти айыл чарбашаймандарын оперативдүү пайдалануу укугунда өткөрүп берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын«Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-бер. 1-п. 2-чп. жана 31-бер. 2-п. 5-чп., «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бер. 1-п. жана 19-бер. ылайык, мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун (ПРЖР-2) алкагында сатылып алынган айыл чарба шаймандары(мындан ары – Шаймандар) муниципалдык мүлкүн натыйжалуу пайдалануу максатында, 2019-2023-жж. Сузак районунун Курманбек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыт инфраструктурасын жашыртууну ишке ашыруу максатында төмөндогудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык мүлк пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү пайдалануу укугунда өткөрүлүп берилсин жана атайын техниканы жана айыл чарба шаймандарын эксплуатациялоо жөнүндө ЖОБОнун негизинде иш алып баруу белгиленсин.
2. Курманбек айылдык аймагынын айыл өкмөтү жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдалануу укугунда муниципалдык менчикти бекитүү жөнүндө келишимди түзүшсүн.
3. Төмөндөгү курамда техниканы өткөрүп берүү жана кабыл алуу боюнча комиссия түзүлсүн:
• Бакиров Д.М. - айыл өкмөтүнүн башчысы
• Исмаилов Б.- айылдык кеңештин депутаты;
• Молошов С. - айылдык кеңештин депутаты;
• Боронбаев А.Ш. - айыл өкмөтүнүн жер адиси;
• Малашов К. - жайыт комитеттин төрагасы;
3. Жайыт комитети айылдык кеңештин бекитүүсүнө Техниканын кызматтарын көрсөтүү боюнча тарифтерди иштеп чыксын.
4. Бул токтом чыгарылган учурдан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |