Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 9
“Курманбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2020-жылдын 03-июлунда Кара-Чолок айылында болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Эрматованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2021-жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 15 616,5 миң сом, 2022-жылга божомолу 15 499,9 миң сом, 2023-жылга божомолу 15 519,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2021-жылга долбоору 3 440,2 миң сом, 2022-2023-жылдарга божомолу 3 308,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, коммуналдык чыгымдарды, тамак-аш) каржылоого жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2021-жылга долбоору 15 616,5 миң сом, 2022-жылга божомолу 15 499,9 миң сом, 2023-жылга божомолу 15 519,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2021-жылга долбоору жана 2022-2023-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко милдеттендирилсин.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |