Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 10
“Жер аянтын берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, айылдык кеңештин депутаты Т.Биримкуловдун билдирүүсүнүн негизинде Саты айылынын тургуну Бакиев Акматжандын жер тилкеси боюнча иш кагаздарын карап, айылдык кеңештин депутаттары талкуулап чыгып, Курманбек айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Саты айылына бурулуш жеринен 0,02 га жер тилкесин Арка куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген 0,02 га жер тилкеси Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан катталсын жана иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер тактоо комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |