Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-июлу № 11
“Кадыров Азимдин наамын көчөгө берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы , Кара-Чолок айылынын тургундарынын элдик жыйынын протоколун айылдык к кеңештин депутаттары карап талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Кара-Чолок айылындагы Исмаилов Базарбайдын желимдөөчү ишканасынан Кадыров Мирландын турак жайына чейин Ооган согушунун ардагери Кадыров Азим Абдуллажановичтин наамы ыйгарылсын.
2. Көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Кадыров А. балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Чолок айылынын айыл башчысы С.Исмаиловго жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |