Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 1
“Электр мамычаларын РЭСтинбалансына өткөрүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы,айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Эрматованын сунушун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен алынган 2344235,04 сом суммадагы 304 даана электр мамычалары жана 129939,40 сомдук 1 даана трансформатор Жалал-Абад электронун балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Электр мамычаларын өткөрүү үчүн электро кызматкерлери менен биргеликте комиссия курамы түзүлсүн.
3. Электр чубалгыларын көчөлөргө коюп берүү жага Жалал-Абад электрого жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |