Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 3
“Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагыжайытка караштуу жараксыз жерлерди чыгаруу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы,,жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Малашевдин кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат :
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жер балансы 12 621 га,анын ичинен 5 137 га пайдаланууга жарактуу жер аянты, айыл чарбасына жараксыз жайыт жерлери, Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын корутундусунун негизинде 4 313 га, ЖПБ нын актысы менен 3 171 га, жалпысы 7 484 га жер аянты айыл чарбасына жараксыз жерлер болгондуктан жайыт салыгын төлөөдөн бошотулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Курманбек жайыт бирикмесинин төрагасы К.Малашевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |