Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-октябры № 2
Көк-Арт айыл өкмөтүнүнаймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Жерге-Тал айылынын тургуну Кулаев Рустамдан түшкөн арызынын негизинде, Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылындагы А.Курманбеков көчөсүнөн баштап , Кулаев Рустамдын үйүнө чейин, андан кийин Б.Ормонов көчөсүнүн кесилишинен өтүп А.Темиров көчөсүнө чейин Кулаев Тураттын аты көчөгө коюлсун.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |