Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-октябры №4
Көк-Арт айыл өкмөтүнүнаймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Жолдошев Маматкалыктан түшкөн арызынын негизинде, Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап
Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы, “Жалал-Абад-Балыкчы” автожолунун боюнда жайгашкан Ташимбетов Кыялдын үйүнөн баштап, Т.Чекиров, К.Нуркулов,А Шооруков көчөлөрүнүн тең ортосундагы кесилишине Жолдошбаев Эргештин аты көчөгө коюлсун.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |