Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-октябры №5
Көк-Арт айыл өкмөтүнүнаймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин 02.04.2019-жылдагы отурумунун № 2токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы, Э.Чокморов көчөсүнөн баштап , жогорку жагы Сатыбалдиевдин үйүнө чейинки жаңы көчөгө, эмгектин жана согуштун ардагери Кудайбердиев Абаздын аты көчөгө коюлсун.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |