Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 1
2020-жылга каралган бюджеттин багытын өзгөртүү жөнүндө.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин кезектеги 2020-жылдын 24-январындагы ХVI-сессиясынын № 1- токтому менен каралган бюджеттин багытын өзгөртүү киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын 12-март 2020-жылдагы № 146 токтомуна таянып, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Көк-Арт айылдык Кенеши токтом кылат
1. Көк-Арт айылдык Кенешинин кезектеги 2020-жылдын 24-январындагы ХVI-сессиясынын № 1- токтомунун 5-тиркемесиндеги 2215-беренесинен СOVID-19 оорусун алдын алууга, муктаждыкка жараша бюджеттик чыгаша багыты өзгөртүлсүн.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелерге санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө иштерин жургузуу учун, короновирус оорусун алдын алуу жана жайылтпоо иш чараларын аткаруу учун керектелуучу каражаттарды беткап, респератор, тамак-аш, куйуучу май, санитайзер жана башка буюмдар алынсын жана уюштурулсун.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарияланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин башчысы К.Азимбаевге милдеттендирилсин.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |