Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 2
Көк-Арт айыл өкмөтүнүнө санитардык –эпидемиологиялык блок-пост кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык ,Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Кулматовдун 2020-жылы коронавирус илдетин айыл аймакка жайылышын болтурбоо алдын ала иштери боюнча Жалгыз-Жаңгак айылына,Жалал-Абад-Балыкчы автожолуна санитардык өткөрүү посттун жайгаштыруу сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы токтом кылыт:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айыл этегине Жалал-Абад-Балыкчы автожолуна мыйзам чегинде 3(үч) айыл өкмөттөрү менен биргеликте
2. “Көк-Арт”,”Курманбек”,”Кара-Алма”санитардык-эпидемиологиялык өткөрмө посту өзгөчө кырдаалга карап,белгиленген күнгө чейин коюлсун.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |