Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 5
Көк-Арт айыл өкмөтүнүнЖайыт комитетине келгентрактор-эксковатор кызматтарифи жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын ылайык, жайыт комитетинин трактор-эксковатор кызмат тарифин бекитип берүү жөнүндө,жайыт комитетинин төрагасы А.Батыровдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин трактор –эксковатор кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин тарифине ылайык мото/саат менен эсептелсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |