Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели №1
Гуманитардык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилигинен Сузак районуна бөлүнгөн акча каражатын азык – түлуккө муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү комиссиясынын 17.04.2020-жылдагы актысы негизинде жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20.04.2020-жылдагы № 94-б буйругу негизинде, Көк-Арт айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын отурумунун протоколу, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовдун кайрылуусу негизинде Көк-Арт айылдык Кенеши токтом кылат
1. Райондук комиссия тарабынан бөлунгөн 92 000 (токсон эки мин) сом акча каражаты турмушу оор кырдаалда турган гуманитардык жардамга муктаж үй-бүлөлөргө айыл өкмөтүндө тузулгөн комиссиянын протоколу негизинде бөлүштүрүлсүн.
2. Райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги 70111 башкаруу бөлүмүнүн 2218-статьясына жумшалсын жана справка уведомление жазылсын.
3. Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысына жана экономика-каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |