Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 4
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын тургунунун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Көк-Арт айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук коргоо туруктууу комиссиясына жолдонгон 13.02.2020-жылдагы кириш № 6 Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Исмаилов Ильяздын арызынын негизинде, жогорудагы комитеттин төрагасы Д.Шамшитдиновдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:
1. 2019-жылдын 28-ноябрындагы кезексиз 15-сессиясынын № 2 токтомунун 1-пунктуна алымча-кошумча өзгөртүү киргизилсин.
2. Эшенкулов Ысмайыл атындагы көчөгө,көчөнүн башталышы Султанов Т көчөсүндөгү Исмаилов Медербектин үйүнөн башталып,Атакулов Алманбеттин үйүнөн батыш тарапты көздөй бурулуп,Бөрүев Абдрамандын үйү кошо,Жумабаев Бөрү атындагы көчө менен кесилишет деп өзгөртүү киргизилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |