Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 1
“Багыш айыл аймагынын 2021-2025- жылдарга “ИЖЭӨ” 2020-2025 программасын бекитүү жөнүндө”
Багыш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы, Багыш айыл аймагынын 2020-жылдын “ 5” июнь №78 жана 2020-жылдын “ 18” август № 114а. Буйруктарынын негизинде түзүлгөн Демилгелүү жумушчу топ, Жалал-Абад айылдык Консультациялык кызматы менен биргеликте “Тараптардын диалогу жана кызматташуусу аркылуу айылдык жамааттарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча “Багыш айыл аймагынын 2020-2025-жылдарга Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү” программасы боюнча (ИЖЭӨ 2020-2025) даярдалган планын айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:.
ТОКТОМ:
1. Багыш айыл аймагынын 2020-2025-жылдарга даярдалган “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү” программасы бекитилсин.
2. 2020-2025-жылдарга бекитилген Багыш айыл аймагынын “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү” программасы боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу коммисия төрагаларына жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А.Саражиев |