Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 5
“Достук-Үрөн үрөнчүлүк жана Ырыс фермердик чарбалары жөнүндө”
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Достук-Үрөн» үрөнчүлүк жана “Ырыс” фермердик чарбалары азыркы күнгө чейин айыл өкмөтүнүн фондунун жерлерин мыйзамсыз иштетип жаткандыктан түзүлгөн келишимди жокко чыгарып,жерлерди айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондуна кайтаруу максатында Багыш айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Достук-Үрөн» үрөнчүлүк жана “Ырыс” фермердик чарбалары азыркы күнгө чейин айыл өкмөтүнүн фондунун жерлерин мыйзамсыз иштетип жаткандыктан түзүлгөн келишимди жокко чыгарып,жерлерди айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондуна кайтарылсын.
2. “Достук-Үрөн» үрөнчүлүк жана “Ырыс” фермердик чарбаларынын тиешелүү иш-кагаздары укук коргоо органдарына тапшырылсын.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди ишке ашыруу үчүн Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А.Саражиев |