Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 6
“Мурдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн убактылуу ээлик кылууга бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна кайтаруу жөнүндө ”
Багыш айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин кайрылуусунун негизинде Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы мурдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн жоюлгандыгына байланыштуу убактылуу ээлик кылууга бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна кайтарып алуу максатында Багыш айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы мурдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйү жойулуп жаны «Окуу тарбиялык комплекси” болуп макам алгандыгы тастыкталсын.Тактоо боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
2. 2021-жылдын январь айына чейин аталган балдар үйү «Окуу тарбиялык комплекси” макамын ( статусун) алгандыгы тастыкталбаса айыл чарба багытындагы бардык жерлери айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерине алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А.Саражиев |