Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 7
“Багыш жайыт комитетинин техникалары жөнүндө ”
Багыш айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Багыш айыл өкмөтүнүн балансында турган Багыш жайыт комитетине долбоорлор аркылуу келген техникаларды «Багыш-Таза-Суу Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө Багыш айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин кайрылуусунун негизинде Багыш айыл өкмөтүнүн балансында турган Багыш жайыт комитетине долбоорлор аркылуу келген техникаларды айыл өкмөтүнүн алдында жаңы уюшулган «Багыш-Таза-Суу Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Техникаларды өткөрүп алууда тиешелүү иш-аракеттерди көрүү жана аткаруу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А.Саражиев |