Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 9
“Багыш айылдык кеңешинин депутаты Б.Канботоев жөнүндө ”
Багыш айылдык кеңешинин депутаты Б.Канботоев системалык түрдө акыркы үч жылдан бери сессияга келбегендигине байланыштуу депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө Багыш айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Багыш айылдык кеңешинин депутаты Б.Канботоев системалык түрдө акыркы үч жылдын бери айылдык кеңештин сессияларына келбегендигине жана Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары туруктуу жүргөндүгүнө байланыштуу депутаттык мандаты токтотуу жагы Сузак райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Токтомду аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу жана тиешелүү иш-аракеттерди көрүү Регламент,депутаттык этика жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Арапбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А.Саражиев |