Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 4
Багыш айылдык Кеңешинин бюджет,каржы,муниципалдык менчик, инвестиция,ишкердик,транспорт,кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы жөнүндө
Багыш айылдык Кеңешинин бюджет,каржы,муниципалдык менчик, инвестиция,ишкердик,транспорт,кызмат көрсөтүүлөр жана тушкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн 70111 бөлүмүнүн 2215 Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу статьясынын проектилерди колдоо пунктунан 1017,7 мин сом унөмдөлгөн, 2020-жылдын март айында COVID-19 (коронавирус) илдетине байланыштуу айыл өкмөтү аймагындагы 70911 бөлүмүнүн 2218 тамак аш продуктыларын алуу статьясынан мектепке чейинки билим берүү мекемелери өз ишмердүүлүгүн токтоткондугун эсепке алып, 2020-жылга жергиликтүү бюджети эсебинен тамак-аш алуу статьясына бөлүнгөн 814,4 мин сом акча каражат пайдаланылбай, унөмдөлгөн.
Жалпысы 1832,1 (1017,7+814,4) (Бир миллион сегиз жүз отуз эки мин бир жүз) мин сом акча каражат, жыл башында каралган бөлүмдөр жана статьялардан азайтылсын.
2. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн каражат Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-статьясына ылайык айыл өкмөтүнүн муктаждыктарын эске алып, төмөндөгү бөлүмдөр жана чыгаша статьяларына жумуш жана кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнүп, көбөйтүлсүн:
70111 (Башкаруу) бөлүмүнө -431,1 мин сом
Анын ичинен:
- 2111 статьясы -Эмгек акы COVID-19 илдетине байланыштуу -51,8 мин сом
-2121 статьясы-Соц чегерүүлөр -9,3 мин сом
-2222 статьясы-Учурдагы чарбалык буюмдар -125,0 мин сом
(Матрац, төшөк, балыш,шейшеп комплектиси-125,0 м.с.)
-3112 статьясы-Машина жана жабдуулар -245,0 мин сом
(Бухгалтерия, салык болумуно-2-ком компьютер*80,0мс=160,0мс,кровать-75,0мс,
Кислород баллон-10,0мс)
70629 (Турак жай коммунал чарба) бөлүмүнө -1281,0 мин сом
Анын ичинен:
-2214 статьясы-Экскваторго трактор баллон -70,0 мин сом
-2221 статьясы-Достук-Багыш СПА ондоо иштери -70,0 мин сом
-2221 статьясы-Б-бала скважина ондоо иштери -20,0 мин сом
-3111статьясы- Имараттар жана курулуштар -1121,0 мин сом
(Т.Жолборсов кочосу-213,4 м.с., К.Маркс кочосу-453,8 м.с.,
ОТБ-дан-Темир жолго чейин-453,8 м.с.)
70911 (МББУ) болумуно -120,0 мин сом
Анын ичинен:
-2213 статьясы –«Муратбек» МББУ-ижара акысы -120,0 мин сом
Жалпысы 1832,1 мин сом (431,1м.с.+ 1281,0м.с.+120,0м.с.) бөлүнүп, көбөйтүлсүн.
3. Багыш айыл өкмөтүнүн бөлүмдөр жана статьялар аралык жылдыруулар киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылуусун жана ишке ашырууну көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А.Саражиев |