Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 5
Багыш айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин кайрылуусу жөнүндө.
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетине 2020-жылдын июнь айында 14152100 Калктуу конуштарда жер ижара акысы эсебинен 500,0 мин сом бекитилген пландан ашыкча кошумча акча каражат түшкөндүгүнө байланыштуу Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетине 2020-жылдын июнь айында 14152100 Калктуу конуштарда жер ижара акысы эсебинен 500,0 мин сом бекитилген пландан ашыкча кошумча акча каражат түшкөндүгүнө байланыштуу Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше планы 500,0 (Беш жуз) мин сомго көбөйтүлсүн.
2. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетине 2020-жылдын июнь айында тушкөн 500,0 (Беш жуз) мин сом кошумча каражат Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-статьясына ылайык 70629 Турак жай жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 Имараттар жана курулуштар статьясына Багыш айылындагы Т.Жолборсов көчөсүнүн жетпей калган 190 метр асфальтын аягына чыгаруу учун асфальтоо иштерине бөлүнүп берилсин.
3. Багыш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша пландарын көбөйтүү боюнча тактоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Бюджеттик каражаттарды көбөйтүүсунө тактоо киргизүү жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануусу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековко, Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Батировко жүктөлсүн.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А.Саражиев |