Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 11-3
Шекафтар айылында жайгашкан В.И.Ленин атындагы жатак мектебинин долбоору жөнүндө
Сумсар айылдык Кеңешини VI-чакырылышындагы кезексиз XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекафтар айылындагы В.И.Ленин атындагы жатак мектебинин экинчи окуу корпусунун капиталдык ремонту, спорт залынын капиталдык ремонту, мончо, нан бышыруучу, кир жуучу жайларынын капиталдык ремонту” долбоору жалпы суммасы 28 252 922 (жыйырма сегиз миллион эки жүз элүү эки миң тогуз жүз ыйырма эки) сом жактырылсын.
2. Шекафтар айылындагы В.И.Ленин атындагы жатак мектебинин долбоорун финансылоо жагы Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, муниципиалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Курмантаев |