Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-марты № 13-2
Сумсар айылдык аймагынын 2020-жылга карата бюджеттине өзгөртүү жөнүндө.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан кайрылуу кат жолдонуп, ЖАК “ЧААРАТ ЗААВ” тарабынан 30,0 миң сом акча каражаты аймактагы тузулгон “Шайыр Апалар” тобуна, ички инфраструктураларды өнүктүрүү үчүн “Вертекс Голд Компани ишканасы тарабынан 500,0 миң сом жана билим беруу тармагын колдоо максатында 20 миң сом акча каражаты атайын каражаттар эсебине түшкөнүнө байланыштуу, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII -сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт:
Сумсар айыл өкмөтүнүнкайрылуу каттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебине 550,0 миң сом акча каражаты 14239400 коду менен кириштелсин.
2. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебинен 2215 беренеси аркылуу 550,0 миң сом акча каражаты чыгымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин бюджеттик комиссиясына жана Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Курмантаев |