Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 14-1
Сумсар айылдык аймагынын 2020-жылга карата бюджеттине өзгөртүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына 3-апрель 2020-жылы Сумсар айыл өкмөтүнүн №126 сандуу кайрылуу кат жолдонуп, “Чаткал 80 “ коомдук фондусу менен 8-апрель 2020-жылы түзүлгөн№11 келишимдин негизинде 35,0 миң сом акча каражаты атайын каражаттар эсебине түшкөнүнө байланыштуу, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт:
Жогорудагы көрсөтүлгөнкайрылуу катта көрсөтүлгөнмаалыматтарды угуп жана талкуулап, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебине “Коронавирус” илдетин жайылтпоо максатында алдын алууга күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды алуу үчүн 35,0 миң сом акча каражаты 14239400 коду менен кириштелсин.
2. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебинен 2215 беренеси аркылуу 35,0 миң сом акча каражаты чыгымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнөмилдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин бюджеттик комиссиясына жана Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Курмантаев |