Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 14-3
“Турак-жай субсидиясын берүү боюнча Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору аркылуу берилип жаткан турак-жай субсидиясынын убактылуу стандарттарын бекитүү жөнүндө”
1. Сумсар айыл аймагында турмуш-тиричиликте пайдаланылган катуу таштандыларды жок кылуу жана таза сууну жеткирүү боюнча коммуналдык кызматтарга карата иштелип чыгылган турак-жай субсидиясынын стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сумсар айыл өкмөтүнө бекитилген стандарттардын негизинде турак-жай субсидиясын “Сумсар тазалык” муниципалдык ишканасына келишим менен өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын бюджеттик туруктуу комиссиясынын төрагасы А.А.Кайыпназаровго милдеттендирилсин.
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Курмантаев |