Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 14-4
Сумсар айылдык аймагында Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлүүчү кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын, көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү ЖОБОсун бекитүү жөнүндө.
1. Сумсар айылдык аймагынын кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын жана көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү ЖОБОсу бекитилсин.
2. Бекитилген ЖОБОнун негизинде Сумсар айыл өкмөтүнө конкурстарды өткөрүү боюнча атайын комиссиянын курамын бекитүү жана конкурсту максаттуу өткөрүү жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын бюджеттик туруктуу косиссиясынын төрагасы А.А.Кайыпназаровго милдеттендирилсин.
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Курмантаев |