Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 14-5
Сумсар айылдык аймагынын 2020-жылга карата бюджеттине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Сумсар айылдык аймагында Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлүүчү кызматтардын туруктуулугун күчөтүү,тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын, участоктордун, кварталдардын, көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү ЖОБОсуна байланыштуу, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын 14 сессиясы төмөндөгүдөйбелгилейт:
Жогорудагы көрсөтүлгөнжоболорго ылайык көрсөтүлгөнмаалыматтарды угуп жана талкуулап, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын 14 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебине 77,0 миң сом акча каражаты 14239400 коду менен кириштелсин.
2. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебинен 2215 беренеси аркылуу 77,0 миң сом акча каражаты жобого ылайык Сумсар Тазалык муниципалдык ишканасына чыгымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнөмилдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин бюджеттик комиссиясына жана Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Курмантаев |