Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 14-7
Сумсар айылдык аймагынын 2020-жылга карата бюджеттине өзгөртүү жөнүндө.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан Сумсар Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборуна берилген гуманитардык 335,0 миң сом акча каражаты атайын каражаттар эсебине түшкөнүнө байланыштуу, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы төмөндөгүдөйбелгилейт:
Жогорудагы көрсөтүлгөнчыгыш №01-15/109 сандуу кайрылуу катта көрсөтүлгөнмаалыматтарды угуп жана талкуулап, Сумсар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебине “Коронавирус” илдетин жайылтпоо максатында алдын алууга күнүмдүк керектелүүчүкаражаттарды алуу үчүн335,0 миң сом акча каражаты 14239400 коду менен кириштелсин.
2. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүүбюджетинин атайын каражаттар эсебинен 14231200 беренеси аркылуу 335,0 миң сом акча каражаты чыгымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнөмилдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин бюджеттик комиссиясына жана Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Курмантаев |