Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-январы № 27/3
Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22-беренелерине ылайык, Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы №4036 жана №4168 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүү киргизүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги ХХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы №4036 Орто-Саз шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын курамына Орто-Саз айылынын тургуну Асанбек кызы Нестан-23.10.1996-жылы туулган, №4168 Чет-Нура шайлоо участкасына Түркмөнова Шайырбүбү Дүйшөнбаевна 23.10.1982-жылы туулган жарандар киргизүүгө сунушталсын.
2. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге нарын аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: Т.Сыдыкбеков