КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2001-жылдын 23-июлу № 77
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 211-статьянын эскертүүсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Кылмыш жасалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эң аз айлык акыдан миң эсе ашкан салык төлөбөө ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат.".
2. 212-статьяда:
статьянын аталышындагы "жеке" деген сөз "жекече" деген сөз менен алмашылсын;
биринчи бөлүктөгү "жеке" деген сөз "жекече" деген сөз менен алмашылып, "ошондой эле салык салуунун башка объектилерин жашырышы," деген сөздөр алынсын;
эскертүү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Кылмыш жасалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эң аз айлык акыдан эки миң эсе ашкан салык төлөбөө ири өлчөмдө, эң аз айлык акыдан беш миң эсе ашкан салык төлөбөө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат.".
3. 213-статьяда:
биринчи бөлүк "кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "ири өлчөмдө" деген сөздөр менен толукталып, ", ошондой эле салык салынуучу башка объекттерди ири өлчөмдө жаап-жашыруусу" деген сөздөр алынсын;
эскертүү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Кылмыш жасалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эң аз айлык акыдан беш миң эсе ашкан салык төлөбөө ири өлчөмдө, эң аз айлык акыдан он миң эсе ашкан салык төлөбөө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат.
Айыптык санкцияларды, туумдарды, проценттерди кошуп алганда, салык карыздарынын бүткүл суммасын ыктыярдуу жойгон учурда адамды кылмыш-жаза куугунтугуна алуу кылмыш-жаза процессинин ар кандай стадиясында токтотулууга тийиш. Эскертүүнүн ушул бөлүгүнүн жоболору ушул Кодекстин 211, 212, 213-статьяларына жайылтылат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2001-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |