КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-марты № 158 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 33
токтомунун, 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505
токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын февралынын аягында -марттын башында өлкөнүн бир катар региондорунда айрым шайлоо округда-рындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине депутаттыкка шайлоолор-дун жыйынтыктарына нааразы болгон калктын массалык каршылык акцияларыболуп өткөндүгүн белгилейт. Каршылык акциялары көп мињдеген адамдардынмитингилерин, маанилүү транспорт магистралдарын тосуп алууга, админист-рациялык имараттарды ээлеп алууга алып келген. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасындагышайлоолор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексин, "Мамлекеттик кызматжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен аткаруу бийлигиоргандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрымжетекчилери Жогорку "Кењештин депутаттыгына айрым талапкерлер үчүн үгүтжүргүзүү менен мамлекеттик кызматчыларга ошондой эле жалпысынан электо-ратка да түз же кыйыр түрдө кысым көрсөтүшкөн. Ошол себептен экономика-лык жактан өнүктүрүүгө тийиштүү көњүл бурулбай калган. 2005-жылдын февраль-мартындагы окуя Кыргыз Республикасынын социал-дык-экономикалык өнүгүшүнө терс таасир тийгизди. Алсак, алдын ала маа-лыматтар боюнча 2005-жылдын I кварталында ИДПнын өсүшү өткөн жылдынушундай мезгилине салыштырганда пландаштырылган 4 проценттин ордуна 2процентти түзгөн. Өнөр жайында өндүрүш көлөмү 4,7 процентке кыскарган.Жүктөрдү ташуу көлөмү - 6,8 процентке, экспорт - 0,4 процентке азайган.Бюджеттин жоготуулары болжол менен 60 миллион сомду түзөт. Жазгы талаажумуштарын жүргүзүүдө артта калуулар орун алган. Бишкек шаарында көптөгөн соода ишканаларга, коомдук тамактануужайларына, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө, ар кандай коммерциялык уюмдарга2005-жылдын 24-25-мартында болгон уурдоолордун, талап-тоноолордун жанатартипсиздиктердин натыйжасында кыйла материалдык зыяндар келтирилген.Өкмөт үйүнүн имаратында иш жүзүндө бардык компьютерлер жана уюштуруутехникалары жоголгон жана таланган, айнектер талкаланып, эмеректер сын-дырылган. Түзүлгөн Эл биримдигинин координациялык кењешинин, укук коргоо ор-гандарынын, "Биримдик", "Келкел" жана башка коомдук бирикмелер мененкыймылдардын, Афганистандагы согуштун ардагер-жоокерлер союзунунөкүлдөрүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин аркасында Бишкек шаарынын ай-мактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары кыйын учурлардакоомдук тартипти сактоого, жарандарды жана мүлктү коргоого кайраттуулукменен чыга алышты, ошондой эле элдик кошуундарды уюштуруу чакырыгына үнкошушкан Кыргызстандын жарандары Бишкек шаарында кыска мөөнөттө тартип-ке сала алышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уурдап-тоноочуларга бардык каршытургандарга, ошондой эле тартипсиздиктин учурунда кыйынчылыкка карабас-тан бардык жапа чеккендерге өз учурунда жана акысыз медициналык жардамкөрсөтүшкөн Бишкек шаарынын медициналык кызматына, өтө кыйын өрттөрдүөчүрүү боюнча ак ниеттүүлүк менен эмгектенишкен Кыргыз РеспубликасынынЭкология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттиккызматына ак дилден ыраазылык билдирет. Болуп өткөн талап-тоноолор жана тартипсиздиктер Кыргыз Республика-сынын инвестициялык климатына да доо кетирди. Ушуга байланыштуу КыргызРеспубликасынын Өкмөтү андан ары турукташтыруу, келтирилген зыяндардынордун толтурууда чарбакер субъекттерге белгиленген тартипте жардамкөрсөтүү, инвесторлордун менчик укуктарын коргоо боюнча бардык зарылчараларды көрөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым региондордо аткаруу бийлик ор-гандарынын айрым жетекчилери тарабынан кызмат адамдарын бошотууда жанадайындоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилип жат-кандыгын белгилейт. Бул калктын тынчсыздануусун жана нааразылыгын пайдакылып, башкаруунун мамлекеттик органдарынын жана чарбакер субъекттердиништерин дестабилдештирет. Туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо, бардык мамлекеттикструктуралардын иштешин андан ары нормалдаштыруу, ошондой эле келтирил-ген зыянга калыс баа берүү, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, облустук мамлекеттик адми-нистрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча баш-кармалыктарынын жетекчилери: - тейлеген чөйрөлөрүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча кыскамөөнөттө таасирдүү чараларды көрүшсүн; - макроэкономикалык туруктуулукту сактоону, 2005-жылга бекитилгенмаксаттуу көрсөткүчтөргө ылайык параметрлерге жетишүүнү камсыз кылыш-сын; - мурда кабыл алынган, айрыкча экономикалык өсүшкө жетишүүгө,калктын жашоо дењгээлин жогорулатууга, эмгек акыны, пенсияларды, посо-биелерди көбөйтүүгө багытталган бардык нормативдик укуктук актылардысөзсүз аткарууну камсыз кылышсын; - өз алдынча кадрдык жылдырууларды токтотушсун жана бул маселелер-ди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бекем ылайык чечишсин; - эмгек жана аткаруу тартибин, функционалдык милдеттерин өз учу-рунда жана сапаттуу аткарууну камсыз кылышсын; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга дайындоого, мамлекет-тик жана муниципалдык кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин атка-рууга, мамлекеттик органдар тарабынан кызматтарды көрсөтүүгө байланыш-кан ар кандай жыйымдарга жол беришпесин. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги түзүлгөн абалга ка-рата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча калк арасындатүшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынынжарандарын укуктук пропагандалоону жана укуктук жактан тарбиялоонукүчөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агент-ствосуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаткарууга мониторингди камсыздоо; - мамлекеттик кызматчыларды мыйзамсыз иштен бошотуу, жылдыруу фак-тылары аныкталган учурларда күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликкетартуу жөнүндө белгиленген тартипте оперативдүү сунуш киргизүү; - мамлекеттик кызматчылар тарабынан кызмат абалдарын кыянаттык ме-нен пайдаланууга жана коррупцияга байланыштуу фактыларды аныктоого жар-дам көрсөтүү үчүн калкты тартуу максатында "ишеним телефонунун" ишинуюштуруу. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республика-сынын Социалдык фонду, облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкекжана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары менен бир-дикте эмгек акыларды, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды, жењил-диктерди өз учурунда төлөөнү камсыз кылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги менен бирдикте тартипсиздиктердиннатыйжасында жапа чегишкен жарандарга жардам көрсөтүүгө байланыштуу чы-гымдарды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ордун толтуруужөнүндө сунуш даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жанасоода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктүбашкаруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агент-ство өнөр жай ишканаларынын, чакан жана орто бизнестин субъекттерининтуруктуу иштешин камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүшсүн. 7. Экономикалык зыянды аныктоо, ишкердикти жана инвесторлорду кол-доо жагынан чараларды көрүү боюнча тиркемеге ылайык курамда Өкмөттүккомиссия түзүлсүн. 8.(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505
токтомуна ылай-ык күчүн жоготту) 9. Коммерциялык банктарга, башка кредиттик финансы мекемелеринетөмөнкүлөр сунуш кылынсын: - жапа чеккен чарбакер субъекттерге берилген кредиттерди узартуу; - жапа чеккен чарбакер субъекттерге бир жылдан ашпаган мөөнөткөжењилдетилген шарттарда кредиттерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо. 10. Ижарага берүүчүлөргө, ошондой эле бардык товар берүүчүлөргөжапа чеккен чарбакер субъекттерге ижара акысын жана товарларга төлөөнүкийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берүү сунуш кылынсын. 11. Бишкек шаарынын мэриясы уурдоолордун, талоончулуктун жана тар-типсиздиктердин жүрүшүндө жок кылынган уруксат берүүчү документтердижана долбоордук-сметалык документтерди тез арада калыбына келтирүү бо-юнча жапа чеккен чарбакер субъекттерге жардам көрсөтсүн. 12. Мамлекеттик бардык ыйгарым укуктуу контролдонуучу органдаргауурдоолордун жана тартипсиздиктердин кесепетинен жапа чеккен чарбакерсубъекттерди 2005-жылдын аралыгында текшерүүгө (кылмыш-процессуалдыкиштерди жасоого байланышкан учурлардан тышкары) тыюу салынсын. 13. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - уурдоолордун, талоончулуктун жана тартипсиздиктердин натыйжасын-да чарбакер субъекттерге зыян келтирүүгө байланыштуу кылмыштарды ачуубоюнча иштерди тездетсин; - укук коргоо органдары тарабынан тартып алынган уурдалган жанатонолгон мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте кайтарып берүүнү ишке ашырсын. 14. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына чарбакер субъект-терге зыян келтирүүгө байланыштуу кылмыштарды ачуу боюнча тергөө иш ча-раларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көзөмөлдүктартибинде көмөк көрсөтүү сунуш кылынсын. 15. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жапа чеккен чарбакерсубъекттер милдеттүү социалдык чегерүүлөрдү төлөшүн тарткан зыянынынсуммасында 2005-жылдын аягына чейин кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берүүсунуш кылынсын. 16. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 17. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынВице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Д.Т.Үсөновго жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги N 158 токтомуна тиркеме "Экономикалык зыянды аныктоо, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо жагынан чараларды көрүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын курамы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы N 33 токтомунун редакциясына ылайык) Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, комиссиянын төрагасы; Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ко- миссиянын төрагасынын орун басары; Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Атамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри; Жекшенкулов А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төра- гасы; Келдибеков А.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Бюд- жет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Ормонов У.З. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де- путаты (макулдашуу боюнча); Жолдошев А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый- мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамле- кеттик агенттигинин директору; Кадырбеков И.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар- хитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; Тойчубеков Ю.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Фи- нансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мам- лекеттик агенттигинин директору; Ногоев А.И. - Бишкек шаарынын мэри; Лаврова О.В. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Сарбанов У.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төра- гасы (макулдашуу боюнча); Ибраев О.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Бюд- жет жана финансы боюнча комитетинин ишмерди- гин камсыздоо боюнча бөлүмүнүн улук консуль- танты (макулдашуу боюнча); Усубакунова Б.С. - "Жабыр тарткан ижарачылар коому" коомдук би- рикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).". Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчисинин - министрдин милдетии аткаруучу А.Исабеков