Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-июну № 228 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Өкмөтүнүн ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаратылышты коргоонун республикалык жана жергиликтүү фонддорунун каражаттарын Казыначылык системасына которуу жөнүндө Акча системасын башкарууну жакшыртуу, бюджетти түзүүдө жанааткарууда ачык-айкындуулугун жогорулатуу, мамлекеттик акчакаражаттарын тиешелүү пайдаланууну камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдарминистрлиги: - 2005-жылдын 1-июлунан тартып коммерциялык банктардагыэсептерди жапсын жана жаратылышты коргоонун республикалык жанажергиликтүү фонддорунун бардык каражаттарын Казыначылык системасына которсун; - жаратылышты коргоонун республикалык жана жергиликтүүфонддорунун каражаттарын Казыначылык системасына которулушунабайланыштуу аларды пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу укуктукнормативдик актыларга белгиленген тартипте зарыл өзгөртүүлөрдүдаярдасын жана киргизсин. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев