Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXVIII сессиясы
2020-жылдын 2-июлу № 124
“Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын экономикасын көтөрүүгө жана өндүрүш , саламаттык сактоо, билим берүү тармагына кошкон зор салымдары үчүн төмөнкүлөргө “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Ташев Бавабек Эргашевич- Сүлүктү шаарынын 1-вице-мэри
Ибрагимов Асатбек Арзыбаевич- Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун директору
Мажитов Тажибой Темирбаевич жогорку категориядагы врач, эмгек ардагери
Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич- БатМУ САИнин ага окутуучусу
Мухамедова Замира Ниязовна – Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Сүлүктү шаардык филиалынын камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы
2. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |