Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXVIII сессиясы
2020-жылдын 2-июлу № 125
Сүлүктү шаарынын калкы үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна мүчөлүк акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 23-июнундагы №01-12/01-1184 чыгыш сандуу, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна мүчөлүк акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгу каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Уставынын 3,8 пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын калкы үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу өз алдынча башкаруулар Союзуна мүчөлүк акысын келишимде көрсөтүлгөн өлчөмдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин .
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |