Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXVIII сессиясы
2020-жылдын 2-июлу № 126
“Сүлүктү Тазалык” МИна самосвал КамАЗ автоунаасын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 11-июнундагы №01-12/01-1113 чыгыш сандуу жана “Сүлүктү Тазалык” МИнын 2020-жылдын 23-июнундагы №133 чыгыш сандуу “Сүлүктү Тазалык” МИна самосвал КамАЗ автоунаасын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу каты жөнүндө Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18 беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 “Сүлүктү Тазалык” МИна самосвал КамАЗ автоунаасын сатып алуу үчүн Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн эсебинен 300,0 (үч жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп беруугө макулдук берилсин
2. Жетишпеген керектелүүчү акча каражаттарын башка булактардан табуу жагы шаардын мэри Р. Абдыназаровго милдеттендирилсин.
4. Сатып алуу иштерин мыйзам ченеминде жүргузүү жагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |