Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) XXVIII сессиясы
2020-жылдын 29- октябры № 32/135
Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү (ШИИБ) боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмчөсүнүн (ЖКККБ) жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин шаарда жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол белгилерин орнотуу, автопарковкаларды пайдалануу боюнча аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2020-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 07-сентябрындагы №35 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү боюнча (ШИИБ) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмчөсүнүн (ЖКККБ) жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жол–транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол белгилерин орнотуу, автопарковкаларды пайдалануу боюнча аткарган иштери жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри А.Гапаровго каттуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык мекемеси менен келишим түзүүдөн баш тартышып жаткан шаардын менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканалар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кыска мөөнөттө келишимдерди түздүрүү жагы тапшырылсын.
3. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү боюнча ЖКККБнүн башчысына милдеттендирилсин:
– шаарда жол коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болуп жетишпеген жол чырактары (светофорлору), жол белгилери, жол сызыктары жана жолдордун абалын көзөмөлдөө жана алардын абалы боюнча маалыматтарды шаардык кенешке берип туруу жагы;
– шаардын Асаналиев көчөсүнүн “Таштемир ажы базарынын” жанындагы жана башка көчөлөрдө болуп жаткан автотыгындарды азайтуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
– шаардын көчөлөрүндөгү, айрыкча Асаналиев көчөсүндөгү автоунаалардын жүрүшүн, автопарковкаларды иретке келтирүү боюнча шаардык кеӊешке тез арада сунуш берүү жагы.
4. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине (А.Эрматовго) милдеттендирилсин:
– шаарда жол коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болуп жетишпеген жол чырактарды (светофорлорду), жол белгилерин орнотуу, өчүп кеткен жол сызыктарын, жөө жүргүнчүлөр өткөөлдөрү (зебраларды) жанылоо иштерин жүргүзүү жана алардын дайыма он абалда болуусун камсыз кылуу жагы;
– жыл сайын шаардын ички жолдорунун бузулуп кеткен чункурларын ондоп жамоо иштерин сапаттуу белгиленген көлөмдө жүргүзүү жагы;
– шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, шаардын аймагындагы автопарковкаларды конкурстук негизде берүү, алардын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жагы.
5. Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаттары тарабынан керектүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардын Асаналиев көчөсүндө автоунаалардын кыймылын иретке келтирүү, тротуарлардын абалы, көчөнүн жана базардын айланасынынын санитардык тазалыгы боюнча жерине барып көрүп, анализдеп тийиштүү чаралар көрүлсүн жана маселе шаардык кеӊештин Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияларында каралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |