Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) XXVIII сессиясы
2020-жылдын 29- октябры № 32/137
Кызыл-Кыя шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча 2019-жылда жана 2020-жылдын 8 айында аткарылган иштер жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2020-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 11–сентябрындагы №29 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылда жана 2020–жылдын 8 айында маданият тармагын өнүктүрүү багытында жүргүзгөн иштери жөнүндө шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы К.Кулматованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчисине (К.Кулматовага) милдеттендирилсин:
– шаардык маданият бөлүмүнүн пайдалануусундагы шаардын эс алуу багы, маданият сарайы, айылдык клуб жана башка маданий объектилерди санитардык тазалоо жана зарылчылыка карап, капиталдык жана учурдагы ремонттон өткөрүү жагы;
– шаардагы маданий жана социалдык объектерди 2020-2021-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо иштерин тез арада аягына чыгаруу жагы;
– азыркы мезгилде коронавирус ылаӊы менен күрөшүү боюнча киргизилген чектөөлөргө негиз маданий-массалык иш чаралардын токтотулганын эске алып, шаардын тарыхы, шаардан чыккан тарыхий инсандар жана элибиздин маданий мурастары менен жаштарды тааныштыруу максатында, аларды шаардык музейге жана китепканаларга тартуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы.
3. Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн балансында жана оперативдүү башкаруусунда болгон бардык маданий объектилерди (эс алуу багы, музей, музыкалык мектеп, клуб, эстеликтер ж.б.у.с.) башкаруунун, пайдалануунун жана алардын азыркы күндөгү техникалык абалы жөнүндө маселе шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясында өзүнчө маселе болуп каралсын. Шаардын эс алуу багындагы ижарага берилген жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштар берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |